Чубак ажы Жалилов көптөгөн депутаттардын экинчи аялы менен никелерин кыйганын билдирди

1993

Мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов ушул кезге чейин көптөгөн депутаттардын, белгилүү адамдардын экинчи аялы менен никелерин кыйганын билдирди. Бул тууралуу ал жергиликтүү маалымат сайттарына берген маегинде айткан.

Муну менен Чубак ажы Жалилов ал адамдардын атын атоого да даяр экенин жар салып, бирок сырын ачкан жок. Диний ишмердин пикиринде, көп аял алгандарга орден тагуу керек экен.