Чубак ажыны жоопкерчиликке тартуу мүмкүн эмес (видео)

899

Ички иштер министрлиги Чубак ажы Жалиловдун экинчи аял алганын жарыялаганы боюнча маселени карабайт. Анткени мыйзам боюнча бул үчүн жабырлануучунун же күбөнүн арызы талап кылынат экен. Ал эми мурдагы муфтийдин билдирүүсү боюнча кылмыш ишин козгоого мүмкүн эмес. Расмий эмес маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда экинчи же үчүнчү аял болуп жашап жаткан айымдардын саны 50 миңге чейин жетет. Эгер жолдошу талак берсе, алар көчөдө калышы ыктымал. Себеби биздин мыйзамдарда алардын укугу корголгон эмес.