Чубак ажынын аялы милицияга арыз жазды (видео)

4227

Чубак ажы Жалилов балдары менен байбичесине коркунуч жаратып жатабы? Мурдагы муфтийдин расмий жубайы Гүлнур Жалилова укуктук жардам сурап, милицияга арыз жазды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Учурда арыздын негизинде текшерүү иштери жүрүп жатат. Буга жакында эле Чубак ажы Жалиловдун аялына таандык делген каттын интернетте тараганы себеп болду. Анда диний аалымдын расмий никедеги жубайы өзүнүн жана балдарынын өмүрүнөн кооптонуп жатканын айтып, тиешелүү органдардан жардам сураганы жазылган.