Чубак ажынын Нооруз тууралуу айткан сөзү чуу жаратты (видео)

1756

Чубак ажынын Нооруз майрамы тууралуу айткан сөздөрүнө Аалымдар кеңеши баа берет. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлдөрү Чубак Жалиловдун ээлеген ордуна туура келеерин карап, баа берүү боюнча кат жолдогон. Алардын айтымында, ажынын айткан сөздөрү этикалык нормаларга жана өлкөнүн мыйзамдарына каршы келет. Ошондой эле, анын билдирүүсүндө элди бөлүп-жарууга чакырыктар бар. Эске салсак, Чубак Жалиловдун Нооруз майрамын белгилегендер каапырлар деп айтканы тууралуу видео интернетте тарады. Бул ар кандай каршы пикирлерге жем таштаган. Белгилей кетсек, Нооруз майрамы Эмгек кодексинде көрсөтүлгөн расмий майрам катары кабыл алынган. Бириккен Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясы да 21-мартты Нооруз майрамы катары таанып, резолюция кабыл алган.