Чубак Жалилов өлүм жазасын сунуш кылды

1220

Диний ишмер Чубак Жалилов коррупцияга аралашкандарды өлүм жазасына тартууну сунуш кылды. Экс-муфтий жемкорлорго жаназа окууга тыюу салуу боюнча да Аалымдар кеңешине кайрыларын билдирди. Мындай демилгени колдобогон тарап «сот реформасы толук ишке аша элек кезде өлүм жазасын киргизүү кайсы бир саясий буюртмалардын аткарылышына жол ачат» деп жатат.

Диний чөйрөдө таасирлүү аалымдардын бири болуп саналган Чубак Жалилов жемкорлорду өлүм жазасына тартуу жөнүндө сунушун радиолордун биринде угармандар менен интерактивдик баарлашуу учурунда айтты.

«Кытайда ушундай практика бар экен, коррупция кылгандардын башын алышат экен. Биз да ошондой кылышыбыз керек», — деди ал. Чубак Жалиловдун айткандары жазылган видеотасма 27-майда «Youtube» порталына чыгып, эки күндө 15 миңден ашуун адам көрдү. Пикир жазган жүздөн ашуун колдонуучу анын демилгесин колдой тургандыгын билдирген.​

 

 

Кыргызстандын Баш мыйзамындагы өлүм жазасы жөнүндөгү жобого 1998-жылдан баштап мораторий жарыяланып, 2005-жылы Конституциядан алынып салынган. Анын ордуна өмүр бою абакка кесүү жобосу киргизилген. Аны ишке ашыруу мыйзамы 2007-жылы кабыл алынган.​