Чүй областтык милициясынын башчысы Самат Курманкулов өзүнө келе элек

1154

Түндө Кой-Таштагы кагылышууда Чүй областтык милициясынын башчысы Самат Курманкуловго таш тийип, баш мээси чайкалып, оор жаракаттарды алды. Ал комага түшүп калганы кабарланды.

Самат Курманкуловго Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда баш сөөгүнө операция жасалган. Дарыгерлер милиция кызматкерин бүгүн кайрадан текшерип чыгып, анын жыйынтыгы менен экинчи операция кылышты. Азырынча өзүнө келе элек.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүн эртең мененки саат 10:00го карата Кой-Таштагы окуядан жабыркагандардын саны 52 ге жетип, Чүй менен Бишкектин аймактык ооруканаларына кайрылууда. Алардын 23 жөнөкөй тургун, калгандары УКМК менен ИИМдин кызматкерлери.

Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабековдун билдиришинче, аталган ооруканага алгач желим октордон жабыр тарткан 11 адам алып келинген. Алардын бирөө оор абалда болсо, калганы жеңил жаракат менен кайрылган. Андан соң Улуттук коопсуздук кызматынын атайын багыттагы аскерлери менен милициянын кызматкерлери келип түшкөн. Алар ок атуучу куралдан жаракат алып, баш мээлери чайкалган. УКМКнын ок жеген бир жоокери каза тапты.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.