Чүй областтык ооруканасында таракандарга толуп кеткени кабарланууда

827

Чүй областтык ооруканасын таракандар басып кетти. Бул тууралуу интернеттеги социалдык баракчанын колдонуучусу жазып, сүрөттөрдү жайгаштырды. Анын айтымында, бул фотолор балдар бөлүмүндө тартылып алынган. Ал жакта палатадан, коридордон баштап, ашканадан бери таракандар басып кеткенин айткан интернет колдонуучу чара көрүүнү суранат.

Мындай абал буга чейин башка дагы ооруканаларда болгон. Саламаттыкты сактоо министри медициналык мекемелерди текшерип чыгып, айрым ооруканаларда санитардык абал чындыгында талапка жооп бербээрине күбө болгон соң, кээ бир жетекчилерди жумуштан алып, тазалыкты камсыз кылууну буйруган эле.