Чүй областтык соту Садыр Жапаровго мунапыс берүүдөн баш тартты

631

Чүй областтык соту Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровдун апелляциялык арызын карап, шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуудан баш тарткан чечимди күчүндө калтырды.

Бир ай мурда Аламүдүн райондук соту Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтүн мунапыска байланыштуу кыскартуу тууралуу сунушун киргизип, бирок аны алты айлык мөөнөт өтүп кетти деген жүйөө менен кабыл алган эмес. Камактагы саясатчынын адвокаты биринчи инстанциянын чечимине каршы областтык сотко арыз жазган. Жазаларды аткаруу мекемеси Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтү 2026-жылы 5-сентябрда бүтөрүн, ага мунапыс берилсе ал 2023-жылга чейин кыскартууга болорун билдирген.

Эске салсак, 2013-жылы Садыр Жапаров Кумтөр маселесине байланыштуу Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган деп айыпталып, 2017-жылдын март айында камакка алынган. Былтыр экс-депутат 11 жыл 6 айга кесилген. Быйыл апрелде Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, 10 жылын калтырган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.