Чүй областы менен Бишкек шаарында жаңы мектептер курулат (видео)

712

Коррупцияга каршы күрөштөн атайын эсепке топтолгон каражатка быйыл Чүй областы менен Бишкек шаарында жаңы мектептер курулат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков борбор калаада билим берүү жайларын кыдыруу учурунда айтты. Өлкө башчысы балдар батпай, кыйналып окуп жаткан мектептерге баш багып, окуучулар жана мугалимдердин абалы менен таанышты.

Ошондой эле, президент №98-кесиптик лицейге жана Кыргыз Улуттук университетине барды. Мамлекет башчысы аталган жогорку окуу жайынын азыркы абалына кейип, аны оңдоо аракеттери жүрбөй жатканына нааразы болду. Мындан тышкары, Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда билим берүүнүн сапаты өтө эле төмөндөп кеткенине токтолду.