Чүй областында адам өлүмү менен аяктаган жол кырсыгы катталды.

676

Бүгүн эртең мененки саат тогузда айланма жолдо 2 унаа кагышып, 1 адам каза тапты. Бул маалыматты Чүй областынын жол кыймылын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы ырастады. Аварияда 2 жеңил унаа бетме-бет кагышкан.

Кырсыктын натыйжасында 60 жаштагы аял набыт болуп, 3 адам жаракат алган. Алдын ала маалыматтар боюнча, унаалардын бирөө жол эрежесин бузуп, каршы тилкеге чыгып кеткен.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.