Чүй областында бир адамды өлтүрүп, өрттөп салган кылмыштуу топ кармалды

1380

Чүй областында бир адамды сабап өлтүрүп, өрттөп салган кылмыштуу топ, күбөнүн дагы көзүн тазалоого аракет кылган. Тартип сакчылары Москва районунун төрт тургунун кармады.

Алар буга чейин соттолгондор. Бул топ октябрда айылдашын катуу ур токмокко алып, андан кийин өрттөп туруп, сөөгүн тааладагы чуңкурга таштап кетишкен. Андан 5 күн өтпөй, ошол кылмыштын күбөсүн жок кылуу максатында, аны бычактап туруп талаага ыргытып, камыш менен көөмүп салышкан. Жабырлануучу тирүү калып, эсине келгенден кийин, жол тосуп ооруканага барат.

Тартип сакчылары бул оор кылмышты жасагандардын изине түшүп, төрт кишини колго түшүрдү. Тергөө маалында, алар өлтүргөн 33 жаштагы адамдын сөөгү табылды. Аны жакындары дайынсыз жоголду деп издеп келишкен.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.