Чүй областында компьютер жарылуудан жабыркаган бала каза болду

5231

Чүй областында компьютер жарылып, андан жабыркап ооруканага түшкөн өспүрүм каза болуп калды. Каргашалуу окуя Ысык-Ата районундагы Кант шаарында катталган. Бул тууралуу калаа тургундары билдирип чыгышкан.

Алардын айтымында, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 15 жаштагы өспүрүм жууркан жамынып алып, компьютер көрүп жатканда ал электр кубатынын чыңалуусунан улам жарылып кеткен. Алгач жабырлануучу Кант шаардык ооруканасына түшүп, андан кийин Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жөнөтүлгөн.

Дарыгерлер берген маалыматка таянсак, өспүрүмдүн денесинин 35 пайызы жабыркап, анын ичинен 30 пайызы катуу күйгөн. Мындан улам, анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.