Чүй областында «Перехват» планы жарыяланып, куралчан адамдар изделүүдө

920

Маалыматтарга караганда, Панфилов райондук ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамы көтөрүлүп, Москва, Жайыл жана Панфилов райондорунда тинтүү жүргүзүп жатышат.

Бүгүнкүгө караган түнү интернет булактарында милициянын Панфилов райондук бөлүмүнө куралчан адамдар кол салганы, көп өтпөй алар Кара-Балта шаарында белгисиз адамдарга ок аткандары тууралуу маалыматтар тарап кеткен. Ички иштер министрлиги, ички иштер бөлүмүнө кол салуу тууралу маалыматты жокко чыгарды.

Ошол эле убакта, Панфилов райондук бөлүмгө 28-жаштагы таксист кайрылып, аны бейтааныш адамдар курал менен коркутуп, унаасын айдоосун талап кылышкан. Анын машинасында бензин жок болгондуктан гана айдай албай калып, куралчандар кетип калышкан. Учурда бул факт иликтенүүдө.