Чүй областында поезд менен жеңил унаанын кагылышуусунан 3 адам каза болду

675

Поезд менен автоунаанын кагылышуусунан жабыркаган аялдын абалы «өтө оор» деп бааланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Эске салсак, 31-мартта 10.00 чамасында Чүй областынын Петровка айылына жакын жерде «Хонда» үлгүсүндөгү унааны поезд сүзүп, андан 2 адам жана 1 ымыркай набыт болгон.

Алдын ала маалыматтарга караганда, 26-жаштагы айдоочу поезд келе жатканда темир жолдон кесип өтүүгө аракет кылып, бирок жетишпей калган. Күбөлөрдүн айтымында, поезд унааны сүзгөндө, унаа 10 метрге чейин ыргып кеткен. Унаанын айдоочусу эч кандай жаракаттарды алган эмес жана ал жакындап калган поезди байкабай калганын айткан. Учурда окуя боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө башталган.

Ошондой эле, Ысык-Көл областындагы Балыкчы-Ананьево-Бишкек автожолунун Жаркынбаев жана Өрүктү айылдарынын ортосунда эки унаа кагышып, анын кесепетинен бир айдоочу каза тапкан. Дагы 4 адам ар кандай жаракаттары менен аймактык ооруканага жеткирилишкен.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.