Чүй областында «Якын Инкардын» 100 мүчөсү бар (видео)

3824

Чүй областындагы мечиттердин биринде «Йакын Инкар» экстремисттик кыймылынын лидери мыйзамсыз жыйын өткөрүп жатканда колго түштү. Анын жанынан экстремисттик маанайдагы китептер табылган. «Нурулло» деген каймана атты алып жүргөн Нурлан Күмүшбеков Индия жана Бангладешке барып диний жайлардан окуп келип, китептерди басып чыгарган. Экстремисттик материалдарды өлкө аймагына жайылтып, агымга адамдарды азгыра баштаган. Чүй областында эле, бул кыймылдын жүздөн ашуун өкүлү бар экени аныкталган. Йакын-Инкарчылардын активдүү мүчөлөрү — Нарын, Ысык-Көл, Ош областтарында көп деген маалыматтар бар.