Чүй областында замбиректин сегиз снаряды табылды

715

Бул тууралуу билдирүү кечээ Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине Сокулук районунун Ак-Жол айылынын тургундарынан келип түшкөн.

Артиллериялык ок-дары табылган жерге УКМКнын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлери барышкан.

Анда дат баскан, колдонууга жараксыз 8 снаряд табылган. Аларды жок кылуу үчүн полигонго алып кетишкен.