Чүй областында жатак-мектеп ашар жолу менен жаңыланды (видео)

3302

Көп түкүрсө көл болот. Чүйдөгү жетим жана кароосуз калган балдардын жатак үйүнүн жетекчилиги өлкө бюджетинен бир тыйын албастан, ашар жолу менен имаратын жаңылап, ичин жаңы эмеректер менен толтурду. Бир катар колунда бар жарандар жана компаниялар жардамга кол сунушкан.

60 жылдан ашык турган имараттын абалы бир топ начарлап, терезелери сынып, шыбы түшүп, полдору талкаланган болчу. Былтыр андан тарбияланып кеткен айрым активисттер мектеп интернатты калыбына келтирүү үчүн атайын акция башташкан. Учурда 400 бала тарбияланып жаткан мекеменин абалы мурдагыга салыштырмалуу бир топ өзгөргөн.