Чүй областында жол тандабас өрттөнүп, 2 адам каза тапты

856

Жол кырсыгы Аламүдүн районунун Ленин айылында болгон. Авариянын кесепетинен 4 жаштагы бала жана анын атасы ошол жерден мерт кеткен.

Маалыматка ылайык, КамАЗ унаасы менен “Тойота Прадо” үлгүсүндөгү машина сүзүшүп, жол тандабас толугу менен күйүп кеткен. Анын ичинде отурган 4 адамдын экөө каза болгон.

Калган 2 жүргүнчү түрдөө жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилген.