Чүй областындагы кафе-ресторандарда текшерүүлөр күчөтүлөт (видео)

2723

Айрым аймактар эпид.абалдын курчушунан улам өз алдынча чектөөлөрдү киргизүүгө өттү. Биринчилерден болуп Чүй областынын жетекчилиги массалык иш-чараларга тыюу салды. Ага ылайык, аймакта кафе-ресторандардагы той, маараке, куран окутууларга келген адамдардын саны 50дөн ашпашы керек. Бул боюнча жер-жерлерде рейддер жүрүп, талапты аткарбаган жайлардын ээлерине айып салынат.

Коронавирус илдетин жуктургандар боюнча Чүй областы «кызыл зонага» кирген Бишкектен кийинки эле экинчи орунда турат. Бүгүн 141 жаңы учур катталды. Аймакта 16 мектептин айрым класстары онлайн окутууга жиберилсе, бир мамлекеттик мекеме аралыктан иштөөгө өттү.