Чүй областындагы операциянын натыйжасында 2 террорист өлтүрүлдү

889

Чүй областынын Жайыл районундагы антитеррордук операциянын натыйжасында 2 террорист өлтүрүлдү. Улуттук коопсуздук комитети кабарлагандай, жок кылынган шектүү адамдар Эгемендүүлүк майрамы күнү террордук кол салууга даярданып жатышкан.

Буга чейин, 24-августта Бишкектин Ауэзов көчөсү жана Чүй проспектинин кесилишинде Патрулдук милиция Ниссан автомашинасын токтоткон. Тартип сактоочулар унаанын ичин жана андагы 4 адамды текшерүүгө алаарда, шектүүлөр тапанча жана граната менен милиционерлерди коркутуп, качып кетишкен. Аларды колго түшүрүү боюнча операциянын жүшүндө, кечээ күнү бир адам кармалган. Анын жанынан курал-жарактар жана диний мүнөздөгү ар кандай китептер табылган. Террорчулар тобунун калган 3 мүчөсүнүн жүргөн жери белгилүү болуп, атайын операция учурунда аларга багынып берүү талабы коюлган. Бирок террорчулар каршылык көрсөтүп, ок атышкан.

УКМКнын атайын башкармалыгынын кызматкерлери, кылмышка шектүү 2 адамды атып өлтүрүп, үчүнчүсү жарадар болуп колго түшүрүлгөн. Алардын жанынан граната, тапанча жана бычактар табылган. Мындан тышкары, бул террористтик топко көмөк көрсөткөн деген шек менен дагы 2 адам кармалып, алар УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.