Чүй областындагы жол кырсыгы. Унаанын айдоочусу каза болду

2057

Бир адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы Чүй областында катталды. Каргашалуу окуя кечки саат 20:00 чамасында болгон. «Манас» аэропортуна бара жаткан жолдун 38-чакырымында «Хюндай Элантра» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, даракты сүзгөн.

Жол кырсыгынын кесепетинен унаанын айдоочусу оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Бирок жабырлануучу өзүнө келбей ошол жерден каза болгон. Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыктын маалыматына ылайык, унаада 4 адам бара жаткан.

Жол кырсыгынан каза болгон айдоочудан тышкары, дагы бирөө жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Ошондой эле, 2 адам түрдүү жаракаттарды алган. Учурда жол кырсыктын чоо-жайы такталып жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.