Чүй областынын 3 районунда куралчандар изделүүдө (видео)

769

Чүй областынын Панфилов, Москва жана Жайыл райондорунда куралчан адамдар изделүүдө. Бул аймакта «Перехват» планы жарыяланып, милиция кызматкерлери тинтүү жүргүзүп жатышат. Буга интернет булактарында Панфилов райондук ички иштер бөлүмүнө куралчан адамдар кол салып, Кара-Балта шаарында белгисиз адамдарга ок атылды, деген маалыматтар тарап кеткени негиз болду. Ал эми Панфилов районунун ички иштер бөлүмүнө 28 жаштагы таксист куралчан адамдар коркутканы тууралуу арыз жазган. Анын айтымында, бейтааныш төрт адам аны унаасын айдатып, алар айткан жакка жеткирүүсүн талап кылышкан. Бирок бензин жок экенин айткан соң, куралчандар кетип калышкан. Учурда бул маалыматтар такталууда.