Чүй областынын Ивановка айылында күйөөсү аялын атып салды

741

Түнкү саат он экилерде 34 жаштагы келин оор абалда ооруканага жеткирилип, азыр абалы турукташып калган.

Маалыматтарга караганда, окуя эки күн мурда болгон. 35 жаштагы адам үйүндө достору менен арак ичип отуруп, куралдан ок чыгарып, ал аялынын көкүрөгүнө тийген.

Кылмышка шектүү кармалып, тергөө абагына киргизилди. Ага карата «бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Жергиликтүү тургундардын айтымында, күйөөсү спирт ичимдигин көп ичет. Жубайлардын үч баласы бар.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.