Чүй областынын Москва районунда ондогон теше арпа талаасы күйүп кетти

694

Жергиликтүү күбөлөрдүн айтымында, өрт Петров айыл өкмөтүнүн аймагында болуп, жалын 200 гектар жерди каптаган. Андагы 130 тешеден арпа түшүмү жыйналып алынса, калганы чогултула элек болчу.

Өрттү өчүрүүгө куткаруучулар чакырылып, алар бир канча убакыттын аралыгында жалынды толук өчүрүүгө жетишишкен.

Учурда өрттүн чыгуу себептери такталып жатканы белгилүү болду.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.