Чүй областынын райондук сотунун судьясы Марлес Феликс жоопко тартылат

769

Чүй областынын Москва райондук сотунун судьясы Марлес Феликс кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Кечээ аны президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан алды.

Маалыматтарга караганда, Соттор кеңешинин тартип комиссиясы башкы прокуратурага Марлес Феликске карата кылмыш ишин козгоого макулдугун берген.

Судья кандай мыйзам бузууга барганы ачыкталган жок. Тартип комиссиясы Марлес Феликске байланыштуу бул боюнча маселени жабык эшик артында караган. Ошондой эле, аталган судья дисциплинардык жазага дагы тартылган. Анткени ал бир кылмыш ишин 3 жыл бою карап, бирок бир дагы жолу отурумду өз учурунда баштаган эмес. 3 жолу такыр эле келбей койгон.

Чүй областтык сотунун көрсөтмөсүн аткарбай, күбөлөрдү сурабай, 3 жылдан кийин соттун төрагасы кызматын пайдаланып, ишти кароону башка судьяга өткөрүп бергени аныкталган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.