Чүй областынын тургунунун атынан белгисиз бирөө милицияга арыз жазып салды

824

Чүй областынын тургуну анын атынан кимдир бирөө Өмүрбек Бабановдун тарапташтарына каршы милицияга арыз жазып салганын айтып чыкты. Маевка айылынын тургуну Темир Махмудов кызыктай жагдайга туш болгон. Аны жакында эле Борбордук шайлоо комиссиясына чакырышып, добуш сатып алуу аракетине кабылганы тууралуу айтып берүүнү суранышкан.

Бирок Темир Махмудов эмне жөнүндө сөз жүрүп жатканын түшүнө алган эмес. Анткени ал эч бир органга арыз менен кайрылбаптыр. Деги эле шайлоо ишине аралашып, добуш сатып алуу фактысына күбө болгон эмесмин дейт. Махмудовдун атын пайдаланган кимдир-бирөөлөр талапкерди каралоо аракетин жасаганы айкын болуп калды.