Чүй облусундагы жол кырсыктан беш киши каза тапты

575

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы кабарлаганай, жол кырсыгы эртең менен Бишкектен 20 чакырым аралыкта, Ивановка менен Ак-Сай айылдарынын ортосунда болгон.

Кичиавтобустун 24 жаштагы айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдун каршы тилкесине чыгып кеткен. Ал маңдайындагы келе жаткан Toyota Camry автоунаасын сүзуп, ошол жерден мерт кеткен. Ал эми жеңил машинанын айдоочусу менен жанындагы үч жүргүнчү Ысык-Атадагы ооруканага жеткирилгенден кийин каза тапкан. Салондогу эки бала учурда дарыгерлерин кароосунда.

Алдын ала териштирүү көрсөткөндөй, кырсыкка “Форддун” айдоочусу жолдо баратып уктап кеткени себеп болду. Учурда сот-медициналык жана автотехникалык экспертиза дайындалып, тергөө башталды.