Чүй жана Ысык-Көл областтарынын улакчылары финалда беттешет

972

Көк-бөрү боюнча өлкө чемпионатынын баш байгесин Чүй жана Ысык-Көл областтарынын улакчылары талашмай болду. Бул эки команда финалга чыкты.

Жарым финалдык оюнда Чүй областы менен таластык көк-бөрүчүлөр беттешип, мелдеш 5:1 эсеби менен чүйлүктөрдүн жеңиши менен аяктады. Андан соң Ысык-Көл командасы Ош областынын оюнчуларын 1:0 эсебинде утуп алды.

Эми үчүнчү орун үчүн Ош менен Талас командалары ат салышат. Көк-бөрү боюнча өлкө биринчилигинин финалдык оюндары 3-ноябрда өтөт. Байге фонду 2 миллион сом. Биринчи орун алгандарга 500 миң сом ыйгарылат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.