Чүйдө 16 миң тоок кырылды. Себеби эмнеде? (видео)

1553

Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айыл аймагында үч күндө массалык түрдө 16 миң тоок кырылды. Ферма жетекчиси аны жок кылуу үчүн эл жашаган аймакка жакын жайгашкан таштанды талаасына көмүүгө аракет кылган.

Бирок жергиликтүүлөр каршы чыгып жатып аймакка төккөнгө жол беришкен эмес. Анткени канаттуулардын массалык кырылышы кандайдыр бир жугуштуу оорунун кесепети болушу мүмкүн деген кооптонуулар болгон. Тооккананы иштетүүдө дагы мыйзам бузуулар болгону аныкталды.