Чүйдө 19 жаштагы кызды зордуктоого жездеси шектелүүдө

660

Чүй областынын Аламүдүн районунда 19 жаштагы кызды зордуктоого жездеси шектелүүдө. Бул тууралуу Чүй областтык милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 20-октябрда Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө 19 жаштагы кыз арыз менен кайрылган. Анда ал бир тууган эжесинин күйөөсү ушул жылдын май айынан бери зордуктап келгенин билдирген.

Аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине «зордуктоо» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Учурда ыкчам тергөө тобу арызда көрсөтүлгөн кылмышка шектүүнү суракка алды. Ошондой эле, соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.