Чүйдө «Алтынкен» компаниясынын жумушчулары митингге чыгышты

889

Чүй областында жайгашкан «Талды-Булак – Солжээк» кенин иштеткен «Алтынкен» компаниясынын жумушчулары ачкачылык жарыялап, иш таштоого барышты. Алар айлыкты көтөрүү талабын коюшууда. Бул маалыматты өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинен да тастыкташты.

Маалыматтарга караганда, нааразычылык митингине 100дөй жумушчу чыккан. Алардын айтымында, тиешелүү жетекчилер алты айдан бери маселелерин чечүүнү убадалап, бирок майнап чыкпай жатат. «Кыргызалтын» ишканасынын өкүлдөрү болсо, жумушчулар жетекчилик менен сүйлөшкөндөн кийин, маселени чечүү үчүн 31-майга чейин убакыт берилгенинен жана нааразы жумушчулар тарап кетишкенин билдиришүүдө.

Белгилей кетсек, «Алтынкен» компаниясында бүгүнкү күндө миңге жакын адам иштейт.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.