Чүйдө автоунаасынын терезесин караңгылатып алгандар аныкталат

713

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 4-марттан 12-мартка чейин Чүй облусунда автоунаасынын маңдайкы терезесин караңгылатып алгандарды аныктоо боюнча рейд өткөрөт. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Ага ылайык, бир күндө эле инспекторлор терезесин мыйзамсыз караңгылатып алган 9 автоунааны аныкташкан. Аларга карата Эреже бузуулар боюнча кодекстин 129-беренесинин негизинде протоколдор түзүлгөнү айтылат.

Жакында эле ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) автоунаасынын терезесин мыйзамсыз караңгылатып алган айдоочуларды жоопко тартуу укугун өзүнө кайтарды. 1-январдан тарта күчүнө кирген жаңы кодекстерге ылайык, бул милдет Транспорт жана жолдор министрлигине берилген. Бирок министрлик терезеси караңгылатылган унааларды токтоткону менен айып салууга укугу жок болчу.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.