Чүйдө бир нече адам ММА мушкери Муса Юсуповду токмоктоп кетишти

823

Окуя Аламүдүн районунун Виноградное айылында болгон. 24 жаштагы спортчуга кол салгандар анын уюлдук телефонун, 500 миң сомун алып кетишкен.

Алынган маалыматтар боюнча, мушкер мечиттен келе жатканда арматура менен сабашкан. Мунун кесепетинен спортчунун буту сынган жана бир нече жеринен жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Чүй областтык милициясынын маалыматына ылайык, бул окуяга тиешеси бар делгендердин баарынын аты-жөнү аныкталып, алардын бири кармалган. Жабырлануучу менен кылмышка шектүүлөрдүн баары тууган экендиги белгилүү болду.

Учурда иликтөө иштери уланууда. Муса Юсупов спорттогу карьерасын 2017-жылы баштаган жана буга чейин 5 беттеш өткөрүп, үчөөндө жеңген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.