Чүйдө бир үй-бүлө иске ууланды (видео)

3075

Чүй областынын Жайыл районунда бир үй-бүлөдө үч адам иске ууланып каза тапты. Төртүнчү киши — 17 жаштагы уулу азыр оор абалда ооруканада. Алар өткөн дем алыш күндөрү газга ууланышкан. Бирок жубайлар жана алардын бир баласы каза болгонун кошуналары бир күн өткөндөн кийин гана билишкен.

Учурда дарыгерлер эс учуна келбей жаткан уулунун өмүрүн сактап калуу үчүн бардык аракетин көрүп жатышат. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери болсо калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, от жагуунун эрежелерин айтып беришүүдө.