Чүйдө чек араны мыйзамсыз кесип өткөн 3 казакстандык кармалды

727

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы Чүй областынан чек араны мыйзамсыз кесип өткөн Казакстандын 3 жаранын кармады. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.

Ага ылайык, шектүүлөр өткөн жума күнү колго түшүшкөн. Алар Казакстандын аймагынан Кыргызстандын өткөрмө пунктунан сырткары жерден өтүүгө аракет кылышкан. Кармалган адамдар УКМКга сотко чейинки өндүрүш жүргүзүү үчүн өткөрүлүп берилди.

Расмий маалыматка караганда, 2019-жылдын башынан бери 25 чет элдик жаран Кыргызстанга мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылганы үчүн кармалган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.