Чүйдө дагы бир өспүрүм өз жанын кыйды (видео)

885

Радикалдык агымдарга азгырылбай, башына мүшкүл түшсө, чүнчүбөй ачык айтып чечүү керек. Чүй областынын Сокулук районунда тартип сакчылары өспүрүмдөр менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Окуучулардын аң-сезимине таасир этип, туура жолго багыттоо үчүн чакан спектакль даярдалган. Анда балдарды суицидге түрткөн жагдайлар сүрөттөлгөн. Ошондой эле, иш-чарада терроризмге каршы тасма көрсөтүлдү. Андан соң, окуучулардын суроолоруна тийешелүү адистер жооп берди. Көпчүлүгү мектептеги мыйзамсыз көрүнүштөр тууралуу маселени көтөрүштү.