Чүйдө мал уурдап жүргөн деп шектелип 3 жаран колго түштү (видео)

665

Чүй областында мал уурдап жүргөн деп шектелип 3 жаран колго түштү. Аларды жергиликтүү эл кармап, милицияга өткөрүп беришкен. Акыркы бир айдан бери Ысык-Ата районунун эки айылында чоң уурулар пайда болуп, сарайдан бодо малдан тарта кой-эчкилерге чейин айдап кетип турушкан.

Алар бул ирет Ысык-Ата районунун Ивановка айлынын тургунунун 38 коюн жүктөп жатканда колго түшүшкөн. Териштирүү жүрүп жатканда, кылмышка шектүүлөр ижарага алган сарайда уурдалган алты торпок, 20га чукул кой жана малдын баш-шыйрак, терилери табылган.