Чүйдө сот аткаруучу пара алып жаткан учурда кармалды

848

Чүй областынын Москва районунун сот аткаруучусу пара алып жаткан учурда колго түшүрүлдү. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү Мамлекеттик кызматы билдиргендей, мекемеге бир адам кайрылып, ал райондун сот аткаруучулар кызматынын бөлүмүндө иштегендерге карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Анын айтымында, сот аткаруучу кесиптеши менен сүйлөшүп алып, милицияга кайрылган кишиден 50 миң сом талап кылышкан. Атайын операциянын жүрүшүндө, сот аткаруучу акча алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн. Бул факты «пара талап кылуу» беренесине ылайык Кылмыштар жана жоруктар реестрине катталып, тергөө иштери жүрүүдө.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.