Чүйдө үкүлөр кырылууда (видео)

2718

Чүй областынын Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында үкү жана кирпилер массалык түрдө кырылууда. Бул тууралуу аталган аймактын жашоочусу Александр Малышев билдирип чыкты. Ал буга чейин бул көрүнүштү тасмага тартып алып, соцтармактарга жарыялаган болчу.

Айтымында, жергиликтүү дыйкандар айдоо жерлерин ар кандай зыянкечтерден коргоо үчүн химиялык каражаттар менен иштеп чыккандан кийин ушундай көрүнүш пайда болгон. Бирок жаныбарлардын эмнеден кырылып жатканын так билүү үчүн экологдор менен тиешелүү мекемелер иликтеп чыгып, жыйынтык чыгарышы керек дейт ал.