Чүйдөгү мектеп-интернатта 22 окуучу тамакка ууланды (видео)

1531

Чүйдө мектеп окуучуларынын жапырт уулануусуна байланыштуу сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Аламүдүн райондук милициясы аталган фактыны санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу беренеси менен каттады. Түндө Байтик айылындагы Кут билим окуу-тарбия комплексинде билим алган 22 окуучу өзүн жаман сезип, ооруканага жеткирилген.

Ал жерде балдардын ашказаны тазаланып, инфузиялык жана детоксикациялык терапия алышкан. Бейтаптар 8ден 16 жашка чейинкилер болгон. Азырынча алар кайсы тамактан ууланганы тактала элек. Бул окуя боюнча эпидемиологиялык иликтөө башталганы маалымдалды.