Чүйдүн Восточное айылында кошуналар суу талашып мушташа кеткен

1694

Чүй областынын Восточное айылындагы мушташ турмуштук негизде, тактап айтканда кошуналардын суу талашынан улам келип чыккан. Чүй областтык ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы бул окуяны массалык мушташ жана улут аралык чыр деп атоого болбойт, деп билдирди.

Маалыматтарга караганда, аталган айылдагы коңшулардын суу талашы мушташка чейин жетип, андан үч киши жабыр тартып ооруканага жеткирилген. Окуя болгон жерге Чүй райондук милициясынын тартип сакчылары барып, мушташтын жайылып кетишин алдын алышкан. Бирок милициянын кошумча күчү тартылганы тууралуу маалыматтар четке кагылды.

Окуя «Бейбаштык» беренеси менен кылмыштар жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине катталганы, шектүү катары эки киши кармалганы, үчүнчүсү бейтапканада болгондуктан кайтарууга алынганы кабарланды. Бул мушташ тууралуу ар кандай чагымчыл маалыматтар тарап кеткен болчу.

Подробнее об этом смотрите в новостях НТС.