Чукул кырдаалдарда кандай аракеттерди көрүү керек? (видео)

554

Чукул кырдаал жаралып, сирена үнү жаңырганда кандай аракеттерди көрүп, каякка баш калкалоо зарыл? Бишкекте «Кырсык тобокелдикти азайтуу» айлыгынын алкагында куткаруучулардын машыгуусу болуп өттү.

Анда тиешелүү мекеменин ордо калаадагы 57 сирена жабдыгы жапырт иштетилип, Жарандык коргонуу комиссиясынын чукул кырдаалдарга даярдыгы сыноодон өткөрүлдү. Иш-чаранын алкагында бир катар жабдыктар эскирип, иштен чыкканы белгилүү болду.