Чуулгандуу номер боюнча жаңы жагдайлар (видео)

2018

«578 АСД» мамлекеттик номерине байланыштуу интернетте тарап кеткен жеке маалыматтарга байланыштуу түзүлгөн мекемелер аралык комиссия ишин жыйынтыктады. Алардын корутундусунун алкагында эми тиешелүү кызмат адамдарынын жоопкерчилиги каралышы мүмкүн.

Эске салсак, социалдык тармактарда «578» мамлекеттик номери мыйзамсыз түрдө 5 башка унаага тагылган сүрөттөр жарыяланган. Алар көчөлөргө орнотулган камераларга тартылып алынган. Ал эми ичиндеги айдоочу мамкаттоо кызматынын жетекчиси болушу мүмкүн экени айтылган. Талапка ылайык, алар коомчулукка жарыяланбашы керек болчу. Ал арада инпекторлор аталган номерди мыйзамсыз тагып жүрдү деген айдоочуну кармашты. Бирок маселе чечилгендин ордуна, эмнегедир суроолор көбөйүүдө.