Чуулгандуу видеонун калган кадрлары кайда? (видео)

1432

Канат Исаевдин ишин тергөө жашыруун жүргөнү ансыз да жообунан суроосу көбөйүп жаткан окуяны ого бетер туңгуюкка кептегендей болуп калды, дешет адистер. Мындан улам, дасыккан юристтер, коомдук ишмерлер өз ара иликтөө жүргүзө башташты. Анда видеонун керектүү жерлери кескиленгени аныкталган. Алсак, интернетке тараган видеодо Канат Исаев сүйлөгөнү жатканда тасма шарт кесилгенин көрүүгө болот. Бул ишти уюштургандар өздөрү каалагандай видео жасаш үчүн 6 секунддан 6 мүнөткө чейин бөлүктөрүн алып салышкан. Эми дал ушул монтаждалган материалдын далил катары колдонулуп жатканы көп сурооолорду пайда кылууда. Чуулгандуу видеонун калган кадрлары кайда жана анда эмне жөнүндө сөз болгон?