Чычкан суусуна күйүүчү май ташыган дагы бир унаа кулап кетти

788

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, кырсык Бишкек-Ош жолунун 238 чакырымындагы Итагар станциясына жакын жерде болуп, анда Рено үлгүсүндөгү автоцистерна Чычкан дарыясына кулап кеткен.

Анын кесепетинен эки адам жабыркап,Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген. Ал эми 35 тонна бензин тартып бараткан унаа толугу менен күйүп кеткен. Маалыматтарга караганда, кырсыкка автоунаанын айдоочусунун рулга ээ боло албай калганы себеп болгон.

Эске салсак, буга чейин да бир автоцистерна Чычкан суусуна кулап кетип, анда бир адам каза таап, 7 тоннадай балык кырылган.