Чычкан суусундагы балыктар кырылууда (видео)

790

Акыркы 20 күн аралыгында эле күйүүчү май ташыган унаалардын катышуусу менен болгон 5 жол кырсыгы катталып, анда 5 киши каза тапкан. Бул кайгылуу статистикага ылайык, авариялардын басымдуу көпчүлүгү Бишкек-Ош жолунда болот экен. Адистердин айтымында, тонналаган күйүүчү май ташып бара жаткан унаалардын жол кырсыгына кабылышына көбүнесе айдоочулардын өздөрү күнөөлүү болушат. Мындан улам, күйүүчү майды темир жол аркылуу гана ташуу зарыл деген пикирлер арбын. Себеби ири көлөмдөгү мунай затын авто жол менен ташуу ары-бери каттаган жарандар үчүн гана эмес, экологияга дагы ири зыянын келтирүүдө.