Чыгымга учураган дыйкандарга кандай жардам берилет? (видео)

569

Учурда картошка жана алмасын өткөрө албай жаткан дыйкандарга Айыл чарба министрлиги жардам бере албайт. Парламенттин бюджет жана финансы комитетинде айыл-чарба министри Нурбек Мурашев кийинки жылы түшүмдү кандай сатуу боюнча анализ жүргүзүп жатканын айтып берди. Бирок аткаминер ушул жылы түшүмүн өткөрө албай, чыгымга учураган элеттиктерге кандай жардам берилет деген депутаттардын суроосуно жооп бере алган жок.

Парламентрийлер ички рынокто жергиликтүү өндүрүүчүлөргө шарт түзүлүп, жашылча-жемиштерин сатууга жардам берүү керек дешет. Ал тургай, өлкө бюджетинен 1 миллиард сом бөлүп, Мамлекеттик материалдык резерв фондун картошка, төө буурчак, алма менен толтуруу керектиги сунушталды. Өкмөттүн отчетунда дагы кандай маселелер көтөрүлдү?