Чыканактар менен учурашкан депутаттар (видео)

3079

Коронавируска байланыштуу республикалык штабдын маалыматын Жогорку Кеңеш укмай болду. Бир катар депутаттар илдетке каршы көрүлүп жаткан чаралар боюнча маселени кароону сунушташты.

Бирок өкмөттүн парламенттеги өкүлү штабдын мүчөлөрү акыркы кырдаалга байланыштуу тынымсыз иштеп жатканын айтып,  жыйынга чакырбай турууну суранды. Депутаттар айрым жарандар коронавирусту тоготпой, коргонуу эрежелерин сактабай жатканына нааразы болушууда. Парламенттин өзүнө илдетке каршы кандай чара көрүлүүдө?