«Чындык» сайтынын редактору «жалган маалымат таратты» деп шектелүүдө

3441

«Chyndyk.kg» сайтынын редактору, журналист Турсунбек Бейшенбеков «вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тууралуу жалган маалымат таратты» деп шектелип кармалганы белгилүү болду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан тастыкташты.

Журналист Аскер прокуратурасына сурак бергени чакырылып, андан ары 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилген болчу. Ал 16-январда да 1,5 саат сурак берип чыккан. Анда Бейшенбеков иш журналисттик ишмердүүлүгүнө байланыштуу экенин жана сотко чейинки өндүрүш ишинин маалыматтарын ачыкка чыгарбоо тууралуу тилкатка кол коюп бергенин айтып, так кайсы иш боюнча жана кимдин арызынын негизинде суралганын ачыктаган эмес.

Айрым маалымат булактары Бейшенбеков Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун иши боюнча суралып жатканын жазып чыгышкан. Анда журналист мурдагы жетекчи берген жашыруун маалыматты коомчулукка ачыктап жиберген деп айтылып жаткан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.