Чыңгыз Айдарбеков: Чет мамлекеттерде 535 кыргызстандык добуш берди

3593

Чет мамлекеттерде 535 кыргызстандык добуш берди. Бул тууралуу тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков бүгүн эртең мененки саат тогузга карата алынган маалымат боюнча билдирди.

Анын айтымында, адегенде Түштүк Сахалинде 20 шайлоо участогунда ачылып, 118 киши добуш берди. Якутияда 86, Красноярскиде 35, Алматыда 42, Жапонияда 15, Кытайда 10, Малайзияда беш жаран добуш берди. Добуш берүү баарынан кеч Вашингтондо башталат. Министрдин айтымында, чет өлкөлөрдө 32 602 шайлоочу бар. Алар үчүн 45 шайлоо участогунда добушканалар иштеп жатат.

Кыргызстанда учурда парламенттин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо өтүп жатат. Эреже боюнча добушканалар эртең мененки саат 8.00дөн тартып ачылды.

Коронавирус пандемиясынын шартында өтүп жаткан шайлоодо Жогорку Кеңештеги 120 депутаттык орун үчүн 16 партия ат салышууда. Соңку тактоолор боюнча Кыргызстанда добуш берүүгө укуктуу 3 523 554 шайлоочу бар. Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөн 557 856 жаран шайлоого катыша албайт. Добуш берүү участокторунда 31 483 адам иштей турганы кабарланган. Жалпы өлкөдө 2 420 добуш берүү участогу уюштурулган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.